Жалал-Абад облусунда Аялдар кеңешинин иши жанданат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык «Аялдар кеңеши» коомдук бирикмеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Иш-чарага «Аялдар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрайымы Айнура Алтыбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, кеңештин район-шаарларындагы мүчөлөрү катышты.

Жыйында облус өкүлүнө аялдар кеңешинин ишине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилип, төш белги тапшырылды.

Жолугушуу алкагында облус башчысы үй-бүлөдө, коомдо жана мамлекеттик башкаруу органдарында айылдардын орду чоң экенин белгиледи. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусундагы ар түрдүү социалдык көйгөйлөрдү чечүү, аялдар кабылган зордук-зомбулуктардын алдын алуу багытындагы иш-аракеттер улантылаарын кошумчалады.

Бүгүн, 18-февралда облустук өкүлчүлүктө Жалал-Абад облусундагы лидер аялдардын тилектештик курултайы өткөрүлөт. Бул иш-чара аймактагы прогрессивдүү лидер аялдарды бир аянтчага чогултуу максатын көздөйт. Курултай Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен ишке ашууда.