Саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов өз булактарына таянып, Садыр Жапаровдун Кыргызстандын экс-президенттери менен жолугушуусунун жаңы жагдайлары тууралуу бөлүштү.

«Жума күнү Дубайда Кыргызстандын алты президентинин жолугушуусу өттү: Азыркы президентибиз – Садыр Жапаров жана мурунку беш президент — Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков . Бул жолугушуу өлкөдөгү коомдук мейкиндикти адаттан тыш толкундатты. Бирок бул таң калыштуу эмес.

Эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдан ашуун мезгили кыргыздардын адилетсиздикке өзгөчө жакындыгын, демократияга алып баруучу чынчыл бийликти шайлап алам деген чоң романтизм болгонун түшүнүү керек. Мына ушундан улам кыргыз коомчулугунун бардык катмарынын болуп көрбөгөндөй саясатташып кетиши да күч алды. Эл көпчүлүк учурда ар бир жаңы президентке үмүт артты. Бирок алардан ар кандай деңгээлде көңүлү калуулар орун алып келди.

Ошондуктан, Дубайдагы жолугушууда Кыргызстанда негизги доомат болуп айтылып келген өлкөнүн экинчи президенти Курманбек Бакиевдин өлкөгө кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн кескин четке кагып, ал боюнча сырттан болсо да өкүм чыгарылды. Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде төгүлгөн кан үчүн эл кечире алышпайт. Бул жерде менин да жеке эсебим бар экенин айтайын: анын бир тууганы Жаныш Бакиев чыныгы киллер, анын 2009-жылдын 13-мартында муунтуп, өрттөлгөн менин досум, белгилүү саясатчы Медет Садыркуловдун каны бар. .. Мен анын өлтүрүлүшү боюнча иш боюнча күбө болдум.

Демек, Дубайдагы жолугушууну уюштурууга жакын булактардан алынган маалыматка караганда, анын кайтып келүүсү, андан да тиешелүү мыйзамдуу, соттук процедураларсыз кандайдыр бир мунапыс же кечиримдүүлүк тууралуу сөз болгон жок. Бул тууралуу Бакиевге президент Жапаров билдирди. “Ак үйдүн” мурдагы ээлеринин жолугушуусу төрт сааттан ашык убакытка созулуп, чындап эле эмоционалдык маанайда өттү.

Көрсө, Жапаров Дубайга бир нече жума калганда төртүнчү жана бешинчи президенттер – Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы кандайдыр бир деңгээлде элдешүүлөрүнө жетишкен экен. Бул алтылыктын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түздү.

Жапаровдун өзү, биздин булактардын айтымында, чын дилинен тил табышууга бел байлаганын көрсөтүүгө аракет кылып, ал президент болуп турганда бир нече жакын туугандарын камап салган Атамбаевге кек сактабаганын билдирген.

Жолугушуунун катышуучуларынын ичинен жалгыз Алмазбек Атамбаев “англичандарча “ коштошпой басып кеткен. Жолугушуудагы кыскача таасирлери менен бөлүшкөн дагы ошол бир эле А. Атамбаев болду. Дааратканага чыккансыган төртүнчү президент кайра коштошууга кайтып келген жок …

Бу кишинин темпараменти балким болгон мүнөз кыялы ушундайдыр деген түшүнүктөмүн.

Президент Жапаровго келсек, анын кесиптеши, УКМКнын башчысы Ташиев менен тандемде жыйынга катышуусу, албетте, алар Кыргызстандагы кырдаалды, анын ичинде тышкы саясаттын төрт тарабын ишенимдүү көзөмөлдөөлөрү зарыл.

Бул жолдо алардын ар бирин дагы кандай азгырыктар күтүп турганын ким билет убакыт көрсөтөт…” – деди Дубнов.