Жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке бүгүн, 20-февралга карата 50 млн 214 миң сом жана 14.4 миң рубль чогулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

  • Банк: «Айыл Банк» ААК
  • ИНН 01803199710084
  • БИК 135001
  • ОКПО 30597768
  • Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
  • Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»
  • Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө карата Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46 миңден ашты, бирок дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.