Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын талаптарын аткаруу багытында Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун 2023-жылдын 13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин руханий-адеп-ахлактык сапатын көтөрүү жөнүндө” тескемесинин негизинде Баткен облусунун аймагындагы милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин, руханий-адеп-ахлактык сапатын жогорулатууга, өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө, ар бир милиция кызматкеринин жүрүм-турум эрежелерин так сактоого багытталган жыйын болду.

  

Жыйынга ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргызстандагы секциясынын президенти генерал-майор Шейшенбек Байзаков, Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагалары, ИИМдин ардагерлери, Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн начальниктери катышты.
Ички иштер органдарына кесипкөй, сабаттуу кадрларды даярдоо, кызматкерлердин моралдык-адеп-ахлактык сапаттарын жакшыртуу, эл менен тыгыз байланышып, коррупциялык жолдордон алыс болуу, катталган арыздарды өз убагында туура жана сапаттуу чечүү боюнча маселелер талкууланып, өздүк курамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын соңунда Шейшенбек Байзаков ички иштер органдарына жигердүү салым кошкон кызматкерлерге Ардак грамоталарды, ал эми ардагерлерге медалдарды тапшырды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы