Көрүнүктүү акын, манас таануучу Адил Жамилдин «Манас» эпосуна арналган китеби азербайжан жана кыргыз тилдеринде басылып чыгарылды.

Калемгердин «Манас эпосу жана түрк уламыштарынын салттары» аттуу китеби Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду менен Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин кызматташтыгынын алкагында басылып чыккан.

Үч бөлүмдөн турган эмгекте жалпы түрк адабий-тарыхый мурасынын контекстиндеги манасчылар жана Манас таануучулар сыяктуу актуалдуу адабий маселелер жана түрк эпостору менен «Манастын» жалпы мотивдери изилденген.

«Парлак Имзалар» басмаканасы тарабынан жарык көргөн китеп Азербайжанда «Манас» эпосун изилдөөгө арналган биринчи монография болуп саналат.

Долбоордун идеясынын жана анын кириш сөзүнүн автору Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гюнай Эфендиева.

ки тилдүү басылманын түрк тарыхында жана илиминде ойногон ролуна токтолгон Гюнай Эфендиева бул басылма түрк элдеринин маданий баалуулуктарын жана руханий байлыгын сактоо жагынан өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Азыркы мезгилде түрк элдеринин тилинин жана адабиятынын негизи болгон байыркы эпосторду илимий изилдөө азыркы доордо түрк элдердин өзүн-өзү таануу процессине түрткү берет. Ушул көз караштан алганда, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген бул китеп окурмандарды биздин байыркы улуттук баалуулуктарыбыз менен дагы тааныштырууга таасирин тийгизет деп ишенем», — деди Эфендиева.

Азербайжан тилиндеги эмгектин илимий редактору профессор Элмаддин Алибейзаде, кеңешчиси академик Низами Жафаров. Басылманын кыргыз тилине котормочусу Мукан Асаналиев, илимий редактору Абдылдажан Акматалиев.

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунан кошумчалашкандай, басылмада Теодор Герцендин “Манас” эпосуна арналган иллюстрациялары да камтылган.