Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү аркылуу каржыны башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн «КРнын бюджеттик мекемелеринин финансы-чарбалык ишинин борборлоштурулган эсеби» маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2023-жылдын январь айынан баштап он мекеме: КР Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Айыл чарба министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Финасы министрлигинин Мамлекеттик бажы жана Мамлекеттик салык кызматтары, Билим берүү жана илим министрлиги, Финансы министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, Лебединов айыл өкмөтү менен эксперименталдык пилоттук тестирлөө башталган.

1-апрелден баштап бардык бюджеттик мекемелер үчүн масштабдуу пилоттук ишке ашыруу пландаштырылууда.

Борборлоштурулган бухгалтердик эсепти киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • финансылык отчет аркылуу бюджеттик мекеменин финансылык-чарбалык иши, ошондой эле анын мүлктүк абалы жөнүндө так жана ыкчам маалымат берүүгө
  • негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин, дебитордук карыздардын эсебин, кредитордук карыздын, кирешелердин жана чыгашалардын, персоналдын чыгымдарынын жана эмгек акыларынын эсебин киргизүүгө
  • бюджеттик мекемеде болгон активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын контролдоого
  • бухгалтердик эсеп боюнча бардык отчетторду түзүүгө
  • бекитилген бюджеттердин көлөмү жана максаттуу аткарылышы жана каржылоо булактарынын сметалары жөнүндө маалыматтарды берүүгө
  • бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бухгалтердик эсепти түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө

Программаны ишке ашыруу этаптары:

  • сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен пилоттук режимде тестирлөө жана системаны жыйынтыктоо
  • эсептердин бирдиктүү планын колдонуу боюнча бухгалтерлерди окутуулар
  • системанын колдонуучуларын окутуу
  • системаны өнөр жай чөйрөсүнө киргизүү.