Баткен шаарында облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү тергөөчүлөрдүн арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча турнир өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын тергөө кызматынын 60 жылдыгына карата уюштурулду.

Жалпысынан оюнга 7 команда катышып, кызыктуу оюн көрсөтүшүп берди. Баткен ОИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары милициянын полковниги Равил Ниязбеков спорттук иш-чарага катышып жаткан тергөөчүлөргө “Эл менен иштөөдө тергөөчүлөрдүн ролу чоң, ар бир түшкөн арыз-даттануулар өз учурунда туура жана мыйзамдуу чечилсе, калктын милицияга болгон ишеними артат. Ар бириңиздер берген антыңыздарга бекем туруп, элдин алкышына ээ болушуңуздарга тилектешмин”, — деп жылуу каалоо-тилектерин айтып кетти.
Оюндун соңунда 1-орунга Лейлек РИИБи, 2-орунга Сүлүктү ШИИБи, 3-орунга Баткен ШИИБи ээ болуп, Баткен ОИИБдин диплом, медалдары менен сыйланышып, акчалай сыйлыктын ээси болушту.
Эскерте кетсек, СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен 1963-жылдын 6-апрель күнү алдын ала тергөө өндүрүшү укугу Коомдук коопсуздук министрлигине, андан кийин аты өзгөргөн СССРдин Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.