“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмдөрү мындан ары эс алуу күндөрү дагы иштейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын агымынын көптүгүнө байланыштуу, борбордун жашоочуларына жана конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн ИИМдин “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмү пилоттук режимде, өзгөчө буйрукка чейин мындан ары ишемби, жекшемби күндөрү дагы эс алуусуз саат 08:30дан 17:30га чейин иш алып барат. Ал эми түшкү тыныгуу болсо 12:00дөн 13:00гө чейин уланат.

Милициядан белгилегендей, муну менен бирге ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08:30дан 17:30га чейин Батыш бөлүмү Бишкек шаарынын Б.Алыкулов көчөсү 3/10, Военно-Антоновка айылындагы «Риом-авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан Аймактар аралык бөлүмү 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу менен иш жүргүзүшөт.

Эс алуу күндөрү транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо боюнча суроолор боюнча жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот:

— Бишкек шаардык бөлүм – 0312 449566;

— Батыш бөлүм – 0312 888614;

— Аймактар аралык бөлүм – 0312 463910.