2023-жылдын февраль айынын аягында эки күн аралыгында Ош облусунун аймагында «Ууру» аталышында ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чараны өткөрүүгө Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын бардык кызматттарынын, бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылды.
Уурдалган буюмдарды ташуу жолун тосуу жана мүлктүк кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле издөөгө алынган атуулдарды кармоо жана кызыкчылыкты туудурган жерлерди карап чыгуу үчүн ички иштер органдары кызматкерлеринен турган ыкчам-издөө топтору түзүлдү.
Аталган ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында 29 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинен жеке буюмдарды уурдоо-17 (8 эски жылда катталган), алдамчылык-8, тоноо-2, автомототранспортту айдап качуу-1. Кара-Кулжа жана Араван райондорунун аймагында уурдалган 20 баш кой жабырлануучуларга кайтарылып берилди.
Уурдалган буюмдарды жашыруу, сатуу же уурдалган уюлдук телефондорду таратуусу мүмкүн деп эсептелген 60 чакты жерлер каралып чыгылды.
Уурулук кылмыштарына тиешеси бар болуусу мүмкүн делген мурда соттолгон жарандар менен алдын алуу маектешүүлөрү өткөрүлдү.
Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты — Ош облусунун аймагында мүлккө байланышкан кылмыштар боюнча криминогендик абалды туруктуу сактоо, мүлктүк кылмыштарга тиешеси бар кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын аракетине бөгөт коюу.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы