Кыргызстанга Япониядан 16 IT-компаниянын өкүлдөрү келет.Алар жергиликтүү кечиптештери менен жолугуп, кызматташуу мумкүнчулүктөрүн талкуулашат. Бул тууралуу КР Жогорку технологиялар паркынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын үстүбүздөгү жылдын 24-мартынада келүүсү күтүлүүдө. Алар JETRO (Япония тышкы сооданы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү уюму) кеңсесинин кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы ЖОЖдорго барышып, IT-форумга жана Central Asian Tech Awards сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземине катышат жана бир катар ата мекендик компаниялар менен жолугушууларды өткөрөт.

«Алардын Кыргызстанга келүүсунүн максаты эки өлкөнүн IT-компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар жаатындагы жергиликтүү жогорку квалификациялуу адистерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналат. JETRO билдирүүсүндө айтылгандай, Кыргызстанда илим жана математика тармагында адам ресурстары үчүн чоң потенциалга ээ жана өнүккөн өлкөлөрдүн IT-компаниялары менен өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрү бар компаниялардын саны тынымсыз өсүүдө», — деп белгилешти Жогорку технологиялар паркынан.

JETRO тарабынан уюштурула турган алдыдагы жолугушуу ата мекендик IT лидерлеринин өткөн жылдын күзүндө Японияга баргандан кийин мүмкүн болду. Анда япониялык компанияларга КР Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин артыкчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу айтылган.