Талас облусунун Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз өткөргөн. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмалоо) боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.