Шаршемби күнү республиканын бардык региондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +3…+8, ал эми Нарында -4…+1 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15ке, Ош калаасында +14…+16 градуска жетет.