Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциядан кайтып келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү программасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурдоолот Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдан бери биз социалдык контракт түзүп, гранттык негизде бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди. Өлкө боюнча 99 окуу жайдын базасында эмгек рыногунда талап кылынган 125 кесип боюнча билим алууга болот. Министрлик ушул жылдан баштап ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу жаатындагы ишти дагы күчөтөт, анткени эмгек мигранттарынын кайтып келүү тенденциясы байкалууда.

«Башка өлкөлөрдөн кайтып келген эмгек мигранттар өз бизнесин ачуу үчүн ар кандай тармактарда тажрыйба жана баштапкы капиталды алып келишет. Биздин милдет -аларды колдоо, ошондуктан азыркы учурда 15 миң кыргызстандык үчүн ишкердик негиздери жана финансылык сабаттуулук боюнча акысыз окутуу уюштурулат», — деди Нурдоолот Базарбаев.