Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги курчуп турат. Бишкек шаарында гана төрт миңден ашуун жаш балдары бар ата-энелер бала бакчага кезек күтүп турушат. Ал эми статистикада орундардын жетишсиздигинен мектепке чейинки курактагы ар бир беш баланын бирөөсүнө гана бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүп турат.

Эмне үчүн мындай болду? 1990-жылдардын ортосунда көпчүлүк бала бакчалар тигил же бул жол менен «менчиктештирилип» кеткен. 2010-жылдан бери мамлекет тарабынан менчиктештирилген бала бакчаларды кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштады. Балдардын келечеги үчүн болгон согуш ар кандай деңгээлдеги ийгиликтер менен уланды.

27-февралда жалпыга маалымдоо каражаттарында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун бардык ата-энелерге маанилүү кайрылуусу жарыяланып, анда мурда менчиктештирилген 69 бала бакчанын ээлерин мектепке чейинки билим берүү мекемеси деп өзгөртүүгө чакырган. Баш тарткан учурда мамлекет катаал, бирок адилеттүү чараларды көрөрүн, имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, кайрадан бала бакча болорун айтты.

Мамлекеттин социалдык демилгелери көп күч-аракетти талап кылат. Бирок ошол эле кезде “Сорос Кыргызстан” фонду кандайдыр бир жол менен Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүндө №55 А үйүндө жайгашкан. ВЛКСМ атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасына караштуу мурдагы №93 мамлекеттик бала бакчанын имаратын менчиктештирип, кеңсе катары ээлеп турат.

Ошол эле учурда «Сорос Кыргызстан» Фондунун өкүлчүлүгүнүн негизги документтеринде (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 1997-жылдын 31-январындагы Кызматташуу жөнүндө келишим) «анын ишмердүүлүгү билим берүүнү, илимди, маданиятты жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багытталат» деп баса белгиленип, жазылып турат.

“Сорос Кыргызстан” фондун акчасы жок, кедей уюм деп эч ким айта албайт. Бирок түшүнүксүз себептерден улам, мынчалык чоң каржылык ресурстары бар уюм жаңы имарат сатып алуу боюнча чараларды көрө элек. Чындыгында алар балдардын ырыскысында отурушат. Мүмкүн аларга келишим боюнча түздөн-түз милдети болгон мектепке чейинки курактагы балдардын билим алуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү убактысы келгендир. Мисалы, №93 бала бакчанын имаратын өз ыктыяры менен чыныгы ээлерине – шаарыбыздын балдарына кайтарып берүү.

Чынында “Сорос Кыргызстан” Фондунун өкүлчүлүгү Кыргызстандын көптөгөн социалдык багыттагы ишмердүүлүгүнө чоң салым кошууда. Фонддун ишмердүүлүгүн жогору баалоого болот. Ал эми балдарга таандык болгон имаратты кайтарып беришсе, анда Кыргызстандын эли алардын бул кең пейилдигин эч качан унутпайт.