Энергетика министрлиги менен британиялык “MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments” компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, электр энергетикасы жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев жана аталган компаниянын директору Роберт Битхард кол койду.

Меморандумдун максаты – Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу болуп саналат.

Меморандумдун алкагында тараптар алдыдагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашып, электр энергетикасы тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында бир катар маселерди талкуулашты.

Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө 4 гидроэлектр станциясын (Акбулуң, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн кВтс.

“Күндөн-күнгө электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Биз энергетиктер калкка электр энергриясын үзгүлтүксүз беришибиз керек. Буга байланыштуу Жогорку Нарын ГЭС каскадын курсак, Нарын жана Ысык-Көл зоналарында электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү, КР энергосистемасынын коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо, региондордо электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтууга шарт түзүлөт деген ойдомун” деди Ибраев.

Белгилей кетсек, меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот. Эгерде тараптар меморандумга ылайык милдеттерди аткарбаса, көрсөтүлгөн датада автоматтык түрдө күчүн жоготот.