Бейшемби күнү күндүз республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +4…+9, ал эми Нарында 0…-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17, Ош калаасында +16…+18 градуска жетет.