Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй, Ош облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Бишкек жана Ош шаарларындагы бош кызмат орундарына тандоо аяктады.

Ош облусундагы 83 бош орундун 31не директор, Чүй облусундагы 43 бош орундун 17не тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жетекчилер тандалып алынды.