Кыргызстанда эми мындан ары бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Ошондой эле мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Мындай эрежелер ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы катаал эрежелер тууралуу расмий маалымат тараткандан баштап, социалдык тармактын колдонуучулары арасында ар кандай талкуулар болуп жатат. Эреже бузгандар үчүн каралган жазалардын катаалдашына байланыштуу президенттин пикирин билдик.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— Учурда социалдык тармактын колдонуучулары жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн каралган жазалардын катаалдашын кызуу талкуулап жатышат. Бир катары нааразылык билдиришүүдө. Көпчүлүгү “Мас болуп айдагандарды катуу жазалаш керек, бирок үч жолу эреже бузсаң кайра сынак тапшырасың дегени аша чапкандык. Бул коррупциянын гүлдөшүнө алып келет” деген ойлорун ортого салууда. Негизи эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга жазаларды күчөтүүгө сиздин пикирди уксак?

— Жакшы болот.

Ким болбосун жол эрежесин бузбай айдаш керек. Элдин баары ошого көнүшү зарыл. Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров (ред.: министрлер кабинетинин төрагасы) үчүн эмес, өздөрү үчүн да. «Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат» деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп анда эмес.

Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт.

Мисал келтире кетейин. 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган экен. Ал эми 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болуптур.

2022-жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган. Эми жашы жете элек балдарыбыздын каза болгондугу тууралуу маалыматтарга токтолоюн.

2020-жылы 93 бала каза болуп, 1 456 бала майып болуптур. 2021-жылы 111 бала каза болуп, 2 175 бала майып болуп калган. 2022-жылы 103 бала каза болуп, 2 226 бала майып болгон.

Ал эми мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен каза болгондор боюнча айтсам, 2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган.

2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болуптур. 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган.

Мына ушунун баары жол эрежесин билбей, билсе дагы эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатат. Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген.

2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келген. Азыр андай жок. Ким экзамен тапшырса алат. Тапшыра албаса бир ай, эки айдан кийин кайрадан тапшырып жүрүп, качан гана өзү тапшыра алганда алат.

Адам баласы бар жерде баары болот экен. Айрым бир тааныштарын өткөрүш үчүн кошуна бөлмөдө туруп алып экзамен тапшырып жаткан кишиге дүрбү же аралыктан башкаруучу компьютер аркылуу жардам берем деп кармалып жаткандар да бар, билесиздер. Бирок биз бара-бара баарын ордуна коюп, өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетишүүгө аракет кылышыбыз керек. Анпесек кантип алдыга жылабыз. «Мен жол эрежесин бузушум керек. Айыппулду азыраак кылгыла» деген дагы талаппы? Тескерисинче, “эки-үч эмес, беш эсе көтөргүлө” деп чыгыш керек эле, көпчүлүк эл. Себеби жогоруда мен айтып өткөн майып болуп калган адамдардын көпчүлүгүн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы элдин эсебинен багабыз. Жөлөкпулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Көп адамдарыбыз каза болуп кетип жатпайбы, ошол жагы өкүнүчтүү.

Мен акыркы үч жылдын статистикасын эле мисал келтирдим. Канчалаган үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан «үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат» дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең – үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман. Мындан сырткары, айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз. Эч жакка шашпаш керек. “Шашкан шайтандын иши” дейт. Акырын айдасаң, барчу жериңе ашып кетсе 5-10 мүнөт кечигип бараарсың. Андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Жол эрежесин сактап айдасаң, өзүңдү да сактайсың, башкаларга да коркунуч келтирбейсиң. Бир келген өмүрүңөрдү сактагыла, башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирип, залал келтирүүгө себепчи болбогула!

— Сурообузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

— Сиздерге да рахмат!