Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Өткөн кылымдын акыркы он жылдыгында Кыргызстан эгемендигине ээ болуп, жаңы тарых барагын ачкан. Эң алды менен мамлекеттик символдорун кабыл ала баштаган.

Мына бүгүн ошол символикалык белгилерибиздин негизгиси – Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү!

Баарыңыздарды мекенчилдиктин, ийгиликтин, жеңиштин белгиси болгон мамлекеттик кызыл туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктаймын!

Ар бир көз карандысыз өлкөнүн туусу башкалардан өзгөчөлөнтүп турган мамлекеттик белгиси болуп саналат. Ал ошол өлкөнүн эркиндигин туюндуруп, жаркын келечекке жол баштайт.

Мамлекеттик туу жамы журтту, жалпы коомчулукту бириктирип, жеке кызыкчылыктан жалпы кызыкчылыкка, кокту-колоттук кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкка жетелеп, ар бир жарандын ар-намысын ойготуп, адеп-ыйманын, акыл-эсин жана бекем сабырын калыптандырууга кызмат кылышы керек.

Мамлекеттик туубуздун көркүн ачкан түстөр менен андагы бири-бирине бап келип жарашып турган элементтер элибиздин карт тарыхын, социалдык, рухий көркөм маданиятын чагылдырып, ар бир кыргыз жаранынын жан дүйнөсүн шыктандырып турат. Көк жиреген кызыл туубуз эгемендикти ар дайым эстетип, эзелтен ата-бабаларыбыздын калтырган таберик мурастарына ээлик кылууга дем берип, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине болгон ишенимди бекемдеп турганы турган. Андыктан кызыл туубуздун кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө! Аны унутууга эч кимдин акысы жок!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды Мамлекеттик туу күнү менен дагы бир жолу куттуктайм!

Манастын кырк чоросундай кырк нуру чачыраган күнү менен элибиздин башын бир мүдөөгө бириктирген түндүгү куп жарашкан кызыл туубуздун желбиреп турганы – элибиздин эң башкы бактысы!

Бир түндүктүн астында бириккен ынтымактуу элибизге тынчтык, токчулук, береке каалайм!

Түндүгүн күн шооласы чайыган кызыл туубуз көк серпип түбөлүк желбирей берсин!

Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун!

Бар болуңуздар!».