Бишкек мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти жер мунапысына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган жарандардын тизмелери белгилүү.

Жалпысынан 311 арыз канааттандырылган, анын ичинен:

Октябрь району боюнча — 72;
Свердлов району боюнча — 112;
Ленин району боюнча — 80;
Биринчи май району боюнча — 47.

Эскерте кетсек, борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында, жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатат.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— арыз ээсинин — жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
— жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
— техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
— объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
— калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.

Документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот.

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.