Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу, төмөн баа алган жетекчилердин катарына киргендигинен, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлеринин 2022-жылга аткарылган иштери жөнүндө отчетторун кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын президенти төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

— Матанбаев Жамшит Кадырович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду;

— Анаркулов Бактибек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматынан бошотулду.

Ошондой эле сөгүш алгандар:

— Жумаев Алайбек Мусаевич — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Бектемиров Келсинбек Базаркулович — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри;

— Самаев Урматбек Обозбекович — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри.

Мындан тышкары, эскертүү алгандар:

— Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Ногоев Турусбек Молдобекович — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Тагаев Мураталы Абдыкарович — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Жээнбеков Досмамбет Аматович — Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык төмөндөгүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

— Абдугулов Бактыбек Нурбекович — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары;

— Баялиева Зина Кадыркуловна — Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары;

— Сатаров Данияр Сатарович — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары;

— Султангазиева Гулжамал Абалиевна — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары.