2022-жылды жыйынтыктаган коллегияда милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашыруу керектигин Улан Ниязбеков коллегияда белгилеген.

ИИМдин буйруктарына ылайык өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Кенжебай Абдуллаев Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматына;

— милициянын полковниги Нурланбек Бурканов Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматына;

— милициянын полковниги Уланбек Коноев Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин начальниги кызматына;

— милициянын полковниги Медербек Муратов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас ШИИБдин начальниги кызматына;

— милициянын полковниги Асрор Тантиев Талас облусунун Талас ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин начальниги кызматына;

— милициянын полковниги Алтынбек Мусаев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги кызматына дайындалышты.
Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы