Бүгүндөн тарта Казакстанда коомдук жайларда сөгүнгөндөр жаңы көлөмдөгү айып төлөйт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөндөр 6-мартта Тартип бузуу кодексинин негизинде күчөтүлгөн айыпка жыгылат.
Бүгүнкү күнгө чейин анын көлөмү минималдуу беш эсеп көрсөткүчүндө болсо, мындан ары аны жыйырма эсеге көтөрүшкөн (69 000 теңге же улуттук банктын курсу менен алганда 14 000 сом).
Мындан сырткары, социалдык тармакта сөгүнгөндөр үчүн да жоопкерчилик каралган.
Булак: Спутник.кж