Бишкектеги Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган жайдын 1-кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү кичи цех жайгашкан. Тилсиз жоо имараттын чатыры жана экинчи кабаттагы цехти каптап, болжол менен 200 чарчы метр аянты өрттөнгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган.»Өрт саат 17:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө», — деп айтылат маалымата.