Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тиллебаев Болотбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 51 жаштагы Болотбек Тиллебаев буга чейин УТРКнын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары кызматын аркалап келген.