2022-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» 2 миллион 695 миң 883 жүргүнчүнү тейлегенге жетишти.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, ички каттамдарда жүргүнчүлөрдүн агымы 763 миң 394 адамды түзсө, эл аралык каттамдарда 1 миллион 932 миң 489 жүргүнчү катталган.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 26,8%га жогорулаган.

«Манас» эл аралык аэропортунда жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде 24 миң 254 аба каттам аткарылган. Анын ичинен ички – 6 миң 421, эл аралык – 17 миң 833 каттам аткарылган.

Белгилей кетсек, «МЭА» ААКнын аэропорттору 2022-жылы 5,1 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлегенге жетишти.