Кыргызстандын жарандарына АКШнын визасын берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери талкууланып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуу 2023-жылдын 28-февралында Астана шаарында «Борбордук Азия+АКШ» министрлер жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти. Кулубаев жаңы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар америкалык компанияларды жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү жана башка эки тарапты кызыктырган тармактарга тартууга кызыкдар экенин билдирди.