Бишкекте биринчи архитектура-курулуш форуму өтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш тармагынын өнүгүү келечегине арналган форум 13-мартка белгиленген.

Форумга мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын, долбоорлоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышат.

Форумдун максаты — көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун, ошондой эле Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин чагылдыруу жана талкуулоо үчүн аянтча түзүү болуп саналат.

Форумда жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштун сапатын контролдоо, курулуш секторунда курулуш ченемдерин, эрежелерин жана ченемдик укуктук актыларын актуалдаштыруу маселелери талкууланат.