Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы Жогорку Кеңештин туруктуу өкүлү болуп Самат Ысыранов дайындалды. Кечээ, 9-мартта мекеменин жамаатына туруктуу өкүлдү парламенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алайбек Алымбаев тааныштырды.
Конституциялык сотто Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү ачылып, туруктуу өкүлдүн дайындалып жатышы жакшы жышаан экенин белгилеген Алайбек Алымбаев: “Бул аркылуу мыйзам чыгаруучу орган менен Конституциялык соттун эриш-аркак иш алып барышына жакшы өбөлгө түзүлүүдө”, – деди. Муну менен катар жаңы баш мыйзамга ылайык, Конституциялык сот өзүнчө орган болуп түзүлгөнүн эске салып, буга байланыштуу мекеменин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн Конституциялык сотунда парламенттин өкүлчүлүгү иштерин белгилеп, бул тажрыйба эки мекеменин тыгыз кызматташуусуна шарт түзөрүн жүйө келтирди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаевди кабыл алган. Жолугушууда парламенттин Конституциялык соттогу өкүлүн дайындоо жана анын макамын жогорулатуу маселеси талкууланган.