Бүгүнкү күндө ички иштер органдарында жетекчилик кызмат ордун ээлеген аял кызматкерлери эч кимди таң калдырбаса керек. Айрыкча, биздин кыргыз милициясы үчүн форма кийген аялдар сыймыктуу көрүнүш. Коомдо аларга ар дайым өзгөчө урмат-сый менен мамиле жасалып келишет. Алар бардык нерселерге жетишип келген: балдарды тарбиялап, жылуу үй-бүлөлүк очокту сактап, эркектер менен бирдей шартта кылмыштуулук менен күрөшүүдө ишин татыктуу аткарышат.

Ушул сыяктуу аял кызматкерлеринин арасын толуктаган, Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова болуп саналат.
Адылова Нуржан Озубековна эмгек жолун 1992-жылы Аламүдүн РИИБдин иш кагаздары алып баруу кызмат ордунан баштаган.

 

Ата-энеси аны жаш кезинен эле көз карандысыз болууга, алдыга койгон максатына жетүүгө үйрөткөн. Жоопкерчиликтүү жана тартиптүү кызды жетекчилер байкап жана аттестациядан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору болуп дайындаган.

Нуржан Адылова биринчи жолу милиция кызматкеринин формасын кийген күнүн жакшы эстейт. «Мен ушул учурдан баштап башка адам болуп, жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болоорун сезгем. Кыйынчылыктардан коркпой, мен аларга даяр болдум», — деди ал.


ИИМ Академиясын аяктап, укук коргоо органдарында отуз жылдан ашык кызмат өтөгөн Нуржан Озубековна өзүн турмуштун оор кырдаалдарына кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөөгө арнаган. Ал балдар менен иштөө инспекциясынын участкалык инспекторлоруна методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн республиканын эң алыскы райондоруна жүздөн ашык иш-сапары менен барып келген.

Алар өзүнүн начальниги тууралуу: «Нуржан эже өз ишин жакшы билген кесипкөй кызматкерлердин бири. Сабырдуулук менен бизге балдар менен иштөө жана алардын укуктарын коргоо боюнча өз тажрыйбасын үйрөтүп келет. Баарлашууда коммуникабелдүү, кызматтык иштеги кемчиликтерге тайманбас. Ар бир бала жана анын ата-энеси менен мамиле таба алат. Нуржан эже бизге инспекция менен эмес, балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан, педофилиядан жана катаал мамиледен коргоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын уюштуруп, өткөрүү үчүн жакшы ниет менен келет».
Нуржан Озубековна белгилегендей, жабыр тарткан балдардын көбү турмуш шарттары оор үй-бүлөлөрдүн балдары. Мисалы, булар жакырчылыктын айынан туугандарына балдарын таштап кеткен эмгек мигранттарынын балдары. Ошондуктан мындай үй-бүлөлөр биздин өзгөчө көзөмөлүбүздө. Биз аларга дайыма барып, колдон келген жардамыбызды берип турабыз” — дейт, ал.

Нуржан Адылованын жеке жашоосу – бул анын кызы Айжан. Жалгыз чоңойтуп, татыктуу билим берген. Күйөөсү дагы укук коргоо органдарынын кызматкери, 1997-жылы кызматтык милдетин аткарууда куралчан кылмышкерди кармоодо каза болгон. Андан кийин, ал башка турмушка чыккан эмес. Турмуш шарты өзүнө гана таянууга, бардык кыйынчылыктарды өз күчү менен жеңүүгө үйрөткөн.

Нуржан Адылова өжөр, чечкиндүү жана ошол эле учурда абай боорукер адам. Кошумчалай кетсек, үлгүлүү кызматы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн милициянын полковниги Адылова «Милициянын отличниги» төш белгиси, үч даражадагы «Азамат» медалы жана башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

ИИМдин Басма сөз кызматы