Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды.

   

Салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, Мамлекет башчысы өз сөзүндө ал жерде мурда белгилүү «Нарын» рестораны турганын эске салды.

Эгемендүү мамлекеттин борборунун чок ортосуна салына турган жаңы имарат борбор калаага көрк берип, заманбап дизайн менен айырмаланып, шаардыктарга ыңгайлуу шарттары менен болушу керектигин баса белгиледи.

Президент борбор калаанын мэриясы имараттын курулушуна колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алууда комплекстин сырткы көрүнүшүнө, жер кыртышынын абалына жана сейсмикалык туруктуулугуна ар тараптуу талдоо жүргүзүп, баа бергендигине ишеним билдирди, анткени ал жерде көптөгөн адамдар иштеп, кирип-чыккандар да арбын болот.

Садыр Жапаров белгилегендей, учурда курулуш тармагынын тез темп менен өнүгүшүнө салым кошуп жаткан бир катар ири курулуштар жүрүп жатат. Ал өлкөбүзгө инвестиция салам деген ички-сырткы инвесторлордун баарына дагы бир жолу кайрылды.

Президент белгилегендей, мамлекеттик саясат — инвесторлордун каалаган тармакта ийгиликтүү иш алып барышына жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат, аларга ар тараптан жеңилдиктер бар — мисалга, мамлекет жер участокторун бекер берүүгө, бажы алымдарынан жана салык төлөөдө жеңилдиктерди берүүгө даяр.

«Эң башкысы бизде туруктуулук орноду, жарандарыбыз өлкөдө туруктуулук болмоюнча алга жылуу болбостугун абдан жакшы түшүнүп калышты», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт.

Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы ойлонуштурулган.

Долбоордун баасы 321 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоордун катышуучулары болуп эл аралык компаниялар –ТОО «Feb group» филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана «Gurgoli» (Түркия) курулуш компаниясы саналат.