БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясы Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) БУУнун штаб-квартирасында “Санарип доорунда инновациялар, технология жана билим берүү – гендердик теңчиликке жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүүгө жетишүү үчүн” деген ураандын алдында өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова баштаган Кыргызстандын делегациясы катышууда.

Жалпы дебатта делегациянын башчысы улуттук стратегияларда белгиленген өлкөнүн санариптик трансформациясынын жетишкендиктерин жана багыттарын, анын ичинде санариптештирүү процессинин бөлүгү катары IT-технологияларды колдонуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чаралар аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн негизги инструменти катары экенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономиканы, башкаруу системасын, билим берүүнү жана социалдык чөйрөнү активдүү санариптештирүү процесси жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгелеринде жашыл, санариптик жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча санариптик доордо санариптик ажырымды жоюу жана гендердик теңчиликти алга жылдыруу үчүн тоскоолдуктарды жоюуга болгон бекем ниетин көрсөтүп турат”, — деди Жылдыз Полотова.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева санариптик доордо билим берүүнү өнүктүрүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды белгилеп, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуунун жолдорун сунуштады. Бул сессиянын кошумча иш-чараларында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева жана Динара Ашимова өлкөнүн гендердик мыйзамдарындагы жетишкендиктер жана Кыргызстан парламентинин максаттары тууралуу айтып беришти. Туруктуу өнүгүү үчүн талап кылынган экономикалык, экологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн негизги катышуучулары болгон тоолуу аймактарда жашаган аялдар жана кыздар үчүн жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө көңүл бурууну жана инвестицияны көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле бул темалар боюнча Ош технологиялык университетинин студенттеринин презентациялары виртуалдык форматта өткөрүлдү жана алар бир катар мамлекеттердин өкүлдөрүн кызыктырды.