Бакай Апасов бош убактысында күндөлүк толтурганды көнүмүшкө айландырып алган. Эчен жылдан бери күндөлүккө гана ичиндеги ымандай сырын, жүрөгүн эзген бугун, тирүү жанга айткыс арманын жашырбай жазып келет. Ал анын жападан жалгыз муңдашы болуп калган. Мына ошол күндөлүк үй-бүлөлүк чоң чырга май тамызып, өзү менен түбөлүк дүйнөгө алып кетүүчү сырдын бетин ачып отурат.

Турмуштун ачуусу бар, таттуусу бар,
Өмүрдүн узагы бар, кыскасы бар.
Жашоонун жазылбаган тизиминде,
Адамга тартуулаган кызыгы бар.
Эч кимге айта алгыс ичимдеги,
Тагдырдын башка салган арманы ал!
Өмүрдүн көбү бүтүп, азы калды,
Мезгилдин күзү кетсе, кышы барбы?
Көңүлүм музга айланып, жүрөк тоңсо,
Жашоомдун үзүлгөнү, токтогону…
(Бакай Апасовдун күндөлүгүнөн)

Адаттагысындай күндөлүгү менен баарлашып бүткөн соң столундагы суурмага салып, кулптаганын кулптап, бирок, кашайып ачкычын калтырган бойдон келе бериптир.
Жумушунда күнүмдүк иштер менен алпурушуп жүрүп, түш оой ачкычы оюна түштү. Шымынын, костюмунун чөнтөгүн аңтарып карады, портфелин тинтти, ачкычы эч жерден табылган жок. Жүрөгү жамандыкты сезгендей ордунан козголуп, бөтөнчө
түрсүлдөп согуп, үйүнө шашыла жөнөдү. Жанараакта эле мээ кайнатчудай чак-чайып тийип турган күндүн ырайы бузулуп, асманды сур булут чулгап калыптыр.
Бир убакта шамал ышкырып, алеки заматта теребел бозоро түштү. Күндүн арты түнөрүп чыкты. Айланадагы жеңил нерселер самандай сапырылып учуп, көчөдөгү кишилердин аргасын кетирди. Арадан аз өтпөй өжөрлөнө жаан сабалап
кирди. “Мерседес” унаасынын маңдайкы айнеги шаркыратманын алдында калгандай эле туюлду. Жамгырдын суусун ары-бери айдаган тазалагычы жолду көрсөтүп жетише
албай калып жатты. Мунусуна караганда жакында токточудай эмес, ак жаанга айланчудай түрү бар. Ошол учурда Апасовдун ичинде андан өткөн алай-дүлөй бороон улуп жаткан. Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, куюп жаткан жаанга карабай унаасынын газын ныгыра басып баратты. Машинасын короого токтотуп, үйүнө жеткенче сыгып алма суу болуп, үшүгөнүнөн эрини титиреп чыкты. Бут кийимин чечипчечпей иш бөлмөсүнө энтиге кирип барса жубайы Алмира кара тыштуу күндөлүктү окуп отуруптур. Күйөөсүн көргөндөн кийин көз айнегин столдун үстүнө коюп, колунун манжаларын акырын ушалап:
– Бакай Калканович, артыңыздан жоо кубалагандай не анчалык аптыгып? – деп какшык аралаш суроолуу карады. Сөзүнүн төркүнүн дароо түшүндү. Эмне кылаарын билбей, карбаластап калды.
– Мен… Эме… – Оңгулуктуу кеп оозуна илинбеди.
– Кокусунан муну издеп жүрбөңүз? – деген Алмира күндөлүктү астейдил сунду.
Апасов жалдырама тийген немедей кыймылсыз. Күндөлүктү колуна алганга жарабады.
– Бакай Апасов… Тарых илимдеринин доктору, академик, Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн окумуштуу. Болгондо дагы дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Чыңгызхандын жеке турмушун изилдеген илимпоз. Анан сиздей окумуштуу десе окумуштуу, интеллигент десе интеллигент жөнөкөй гана үй-бүлөлүк маселени аялы менен ачык талкуулаганга эрки жетпей, күндөлүккө күнү түшкөнү таңгалычтуу. Же менин деңгээлимди
өзүңүздүкүнө жетпейт дедиңизби?

– Сен туура эмес кабыл алып алдың окшойт. Мындай теманы шашпай, чай үстүндө талкуулайлы.
– Албетте, талкуулайбыз. Ийне-жибине чейин жиликтейбиз, – аялы кекээр жылмайды. – Сиз тарыхчы эмес, жазуучу болсоңуз куп жарашмак экен. Кайран гана талант кордолуп, жерде тебеленип жатканын карабайсыңбы. Тим эле көркөм чыгарма
окугандай таасир алдым. Укмуш! Муну китеп кылып чыгарсачы, ыя, айтты-койду дебеңиз, заматта бестселлерге айланат! Сонунидея, байкаштырарсыз?
– Алмиш, мыскылдаганыңды токтот, өтүнөм. Сага баарын түшүндүрүп берейинчи.

– Жо-жок, анын зарылчылыгы канчалык?! Ансыз деле бардыгы алаканга салгандай кашкайып көрүнүп турбайбы. Акылы кыска кемпайларга эле жетпесе… Ммм де… 35 жылдан берки жашообуз сиз үчүн өксүк, жалаң гана арманга жык толгонун айт! Бал ширин сүйүүбүздөн, аруу сезимибизден жаралган уулубуз менен кыздарыбызды ыроологону үчүн Жаратканга чексиз шүгүрчүлүк келтирип жүрсөм, сиз өзүңүздү эң бактысыз, тагдырдын аеосуз кордугуна кабылган бечара санайт турбайсызбы?!
– Мага мүмкүнчүлүк бересиңби деги?! Сенин алдыңда күнөөм тоодой экени ырас. Менин дагы оюмду угасыңбы же жокпу?

– Кадырыңыз жан болсун, сизге кезек жетет. Ага чейин мени угасыз. Та-аак, күндөлүккө кандай кызыктарды жазыптырсыз, чогуу окубайлыбы?
– Кажети жок!
– Ушунчага жеткенден кийин окубай коюш чоң күнөө эмеспи. Мамилебиздин келечеги үчүн абдан маанилүү бул. Та-аак…

“Кандидаттык илимий ишин ийгиликтүү жактаган Максат бүгүн өтө кубанычта. Үйдө жууп атабыз. Мен аны эч кимге байкатпай уурдана карап отурам. Илгерки эски жарат козголду. Максатты канчалык өзүмө окшоштурайын десем дагы эч жери мага окшобойт. Өң-келбети, мүнөзү такыр бөлөк. Тайларын тарттыбы дейин десем, аларга деле түспөлдөш эмес. Кичинесинде байкалбаптыр, эр жетип, өзүнчө түтүн булаткандан бери Максат менин уулум эмей эле, таптакыр бөтөн киши болуп чыга келди. Жаңылыш шектенсем кечир, Кудай, мендей жазыксыз пендеңди. 201..-жылдын 21-сентябры”.

Жаратканга тобоо келтиргениңиз дурус. Ылайым кечирсин. Кантсе дагы, жаздыкташ жаткан эрим эмессизби. Сизге кантип жамандык кааламакчымын?
– Токтотчу! – Бакай Апасов чыдабай бакырып жиберди. – Сенин ар бир кебиң жүрөгүмдү канжар менен тилип жатканын сезбейсиңби? Адамды аясаң боло кичине!
– Кыйкырбаңыз, – деди аялы.

– Кыйкырмак түгүл, доошуңузду бийик чыгарганга акыңыз жок. Жүрөгүңүз канжар менен тилинип атса, менин денем жалындаган отко куйкаланып жатат билсеңиз. Мен бүтүндөй өмүрүмдү, жаштыгымды арнаган эркектана, көрсө, өмүр бою менден, уулунан күмөн санап, ичинен түтөп, арманда жашап келатыптыр. Мен сизге бакыт эмес, тирүүлөй тозокту тартуулаптырмын. “Күндөлүгүм, сен мени жакшы түшүнөсүң. Бүгүн туулган күнүмдү жакындарымдын курчоосунда белгиледим. Максат үй-бүлөсү менен, кыздарым күйөө балдарым менен куттуктап келип кетишти. Максатты көргөн сайын жаратым кайрадан козголо берет. Эми ойлосом, Максатка өмүрүмдө эзиле түшүп, уулум деп эркелетпептирмин. Ата катары мээримимди төкпөптүрмүн. Ал дагы мага бой бербейт, чоочунсунуп турганы турган. Бүгүн дагы ошону байкадым. Үч жылдан кийин пенсияга чыгам. Жашым улгайып барат… 201..-жылдын 17-октябры”.
Сиздин ушул жазгандарыңызды окуган соң өткөнгө саресеп салып, анализдеп көрдүм. Ырас эле, сизден Максатка деген аталык сүйүү, аталык боор толгоо болбоптур. Атүгүл, өмүрү Максатты уулум деп кучагыңызга кыспаптырсыз. Мунун баары бүгүн ачыкка калкып чыкпадыбы.

– Эмоцияга жетеленбей, демибизди басалы. Ачууга алдыргандын арты жакшылык менен аяктабайт.
– Кайдагы эмоция?! Уулубуздун үйлөнөр астында: “Мен сиздерди багам. Чогуу жашайбыз”, – дегенин эстедим. Ошондо сиз: “Бирөөнүн көзүн карагыдай картая элекпиз. Жаштар өз алдынча, эркин жашасын”, – деп кулагыма куюп, мен аны
уулума күн сайын кайталап жатып, акырында аргасыздан бизден бөлүнүп тынышты. Азыр түшүндүм: Максатты жек көрөт экенсиз!
– Үстүдө Кудай карап турбайбы, анда мени кусур урат го?!
– “Жалгыз баласы бир кыздын этегин кармап, ата-энесин карабай кетиптир деп эл-журт сөз кылбайбы”, – дегенине карадыкпы? Жок. Чырылдап, чырылдап кала берди. Башында дем алыш сайын келип, акыбалыбызды сурап жүрүштү. Ошондо аны менен сүйлөшкөнгө, ата катары көңүл бурганга жарабаптырсыз. Мындай мамилеңиздин түпкүлүгүнө анда көңүл бурбаптырмын. Кеч болсо да себеби билинди. Дагы бир
барагына үңүлөлү. “Кечээ гана күлгүн жигит элем. Бүгүн карылыкка моюн сунган чалмын. Күндөлүк, сен эч кимге ооз ачпа, бул экөөбүздүн ортобузда сакталсын. Жандилим менен берилип сүйгөн аял заты – жалгыз Алмира. Алмирага деген сезимим
өмүр бою өчпөйт. Аны чындап сүйгөнүмдөн отуруп калган жеринен алып баса бергем. Азыр кээде ойлоном, күндөлүгүм, Алмираны күйөөдөн ажыратып албаганда турмушум кантмек? Анда жашоом такыр башкача болмок, минтип өмүр бою азап чекпейт белем… 201..-жылдын 9-ноябры”.

Мага деген сүйүүңүз дагы деле өчө элек экен. Аныңызга ыраазымын. Ал эми өзүңүз жазгандай, жайкы каникулда айылда жүргөнүмдө ала качып кетишкенде тагдырыма моюн сунуп отуруп калгам. Никебиз кыйылып, чогуу жашаганыбызга бир айдан ашкан. Мени алып кетиңиз деп сурандым беле? Арадан бир ай өткөн, бир ай!

– Алмира бетин басып, эчкире ыйлап кирди. Көзүнөн буурчак-буурчак жаштар тоголонуп жатты.
– Ал кез өттү-кетти, Алмиш, өткөндү козгобойлу. Суранам сенден. Күндөлүктү, башкасын, баарын тең унутчу. Жашообузду жаңы барактан баштайлы. Ыйлабачы, – деген Апасов жубайын кучактап, сооротконго өттү.
– Жакын жолобоңуз мага, – деди Алмира жаак ылдый агып жаткан жашын аарчып. – Мен эле ушундай тагдырды көксөптүрмүнбү? Бир айдан кийин кабарымды угуп, досторуңуз менен айылыбызга келип, чаң салып, “Сенсиз жашоомду элестете албайм. Сенсиз өмүр сүргөнчө өлгөнүм артык” деп жалынып-жалбарганыңыз кулагымда жаңырууда. “Мен баягы Алмира эмесмин, мен күйөөсү бар келинмин” десем, “Бул үйгө
өзүңдүн каалооң менен келген эмессин, ала качып келишкен. Экөөбүздүн тунук махабатыбыз бардыгын унуткартат. Бул окуяны таптакыр болбогондой оюбуздан чыгарабыз. Эч качан жүрөгүңдү оорутпайм” деп касам ичкенсиз. Сизге берилгенимден, катуу сүйгөнүмдөн ата-энемди, туугандарымды көзкөрүнөө сыздатып туруп, сизди ээрчип келе бергем. Туура эмес кылыптырмын, жолумдан адашыптырмын. Жети айдан кийин Максат жарык дүйнөгө келди. Уулубуздун төрөлгөнүн өзүм сизге сүйүнчүлөгөм. Мелтейип, унчукпай тура бергенсиз. Кубанганыңыз жүзүңүздөн байкалган эмес. Үч күн
досторуңуз менен жууп, дайынсыз кеткенсиз. Ичкиликти өкүртө ичкениңизди биринчи жана акыркы жолу көрүшүм ошол болду.
Уул көргөнүнө жетине албай жаткан го деп жаңылышыптырмын. Күйүтүңүзгө чыдабай ичиптирсиз да.
– Кудайды карасаңчы! – Бакай Апасовдун аргасы куруду. – Сүйлөйт десе эле оозуңа келгенди оттой бересиңби?! Сен экөөбүз интеллигентпиз, кичине ачууңду басып, өзүңдү кармасаң.
– Ажаан катындардай долулансам деле жарашмак. Сиз эскерткендей, маданияттуу эмеспизби. Бирок, мен аял заты экенимди унутпайлы. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калбашы” керек. Эртең экөөбүз клиникага барабыз. Сиз дагы акыры чындыкты билип, көңүлүңүз тынчысын.
– Ошондой кантип болсун?! Мен болгону ичимдегини гана күндөлүккө түшүрдүм. Андан трагедия жасабайлы, эл укса уят дебейби!
– Трагедияны ким жаратты: менби же сизби? Сиз. Өмүр бою ич күптүү болуп жашаганча Максаттын башын ачалы. Эгер анын каны башканыкы болсо, сизге боштондук. Төрт тарабыңыз кыбыла, каалаган жагыңызга барыңыз. Азыр деле кеч эмес, жаш кызга үйлөнүп, тукумуңузду улачу бала көрүңүз. Жаратканга зарыңыз жетип, эгиздеп уулдун жытын искеп калгыңыз бардыр.
– Мен каршымын! Эч кандай анализ тапшырбайм. Бүгүнкү окуяны унутабыз, – деген Апасов аялын ынандырууга өттү.

– Сөз бүттү, – деди Алмира. – Эртеңкиге даярданалы. А баса, күндөлүктү алыңыз. Толук окуп чыкканга жүрөгүм даабады.

***

Бакай Аппасов шалдайып отуруп калды. Күндөлүккө ишенбеди беле, аны болгондо да минтип жубайы таап алаары үч уктаса түшүнө кирбептир. Алмиранын айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бар. Анализ тапшыртмайынча жаны жай албайт.
Колундагы кара тыштуу күндөлүккө көз чаптырды. Суурмага салып салайын деп ойлоп, кайра айныды. Көптөн бери күндөлүгүн окуй элек болчу, аны барактай баштады.
“Тогуз жыл илгери жактаган Чыңгызхандын жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу илимий ишимди карап чыктым. Дүйнөнү калайманга салган Чыңгызхан мендей эле бечара пенде болуптур. Мага окшоп ал дагы күйүткө батыптыр. Кайран Чыңгызхан. Сүйүү сезими аны кандай азапка салса, мени дагы ошондой калчабадыбы. Анын арманы – тун уулу Жоочу.
Менин арманым – Максат.
Чыңгызхан кызыктай киши экен. Жоочудан бөлөк уулдары турса, анчалык эмне арман кылганы таңгалычтуу. А мага Жараткан уулдан такыр айтпады. Кыздарым менен катар
жок дегенде бир бала көргөнүмдө, Максаттын таржымалы көмүскөдө калмактыр… 20..-жылдын 9-декабры”.
Апасовдун күйгөнүнчө бар, Максаттан кийин беш кызы төрөлдү. Улам кийинкиси уул болоор деген илгери үмүткө жетеленип жүрүп, жылдар зымырап учту. Беш кыздан кийин дагы күтүшкөнүнө карабай, үмүттөрү акталган жок. Убакыт ордунан жылган сайын артыман тукум калтырбай өтөмбү деген сарсанаа жүрөгүн эзгени күчөдү. Анысын күндөлүккө мындайча төгүптүр:
“Максат уулум болбосо, демек, туяксыз өтөм. Ата-бабамдын тукуму менден кийин үзүлөбү? Ичээр суум түгөнүп бараткансыйт. Көз жумсам ким мага топурак салат? Ким?!
Аны ойлогондо өзөгүм өрттөнүп баратпайбы! Кайсы айыбым үчүн Кудайдын каарына калдым мен?
Нике жаңыртсамбы? Бул куру кыял. “Төрүнөн көрү жакын калган” кишиге ким тиймек дейсиң? Анын үстүнө,
Алмираны, кыздарымды таштап кете албайм. 20..-жылдын 17-декабры”.

(Уландысы бар)

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, Бишкек, 2021-жылдын июну