Sputnik Кыргызстан агенттигинде «Ишеним» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов парламенттин ишмердиги жана коомдук саясий абал тууралуу маек берген.
— VII чакырылыштын парламентке келгенине бир жылдан ашты. Ушул аралыкта сиздердин фракциянын жасаган ишине, чыгарган мыйзамдарына токтолсоңуз?
— Биздин фракция эки көчмө жыйын өткөрдү. Биринчисинде Лейлекте эл менен жолугуп кайттык. Экинчи көчмө жыйын Кара-Балта шаарында болду. Көптөгөн маселелер каралды. Негизинен фракция жыл ичинде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, жыйынтыгында өлкөдө болуп жаткан бардык маселелер боюнча кабардар болуп жаттык.
— Сиздер шайлоого жаңы аттанып жатканда экономика, коргонуу, коопсуздук өңдүү салмактуу тармактарга өзгөчө басым койгонсуздар. Кайсы тармактарда алгылыктуу мыйзамдарды сунуштай алдыңыздар?
— Бир жыл ичинде толук мыйзам долбоорун иштеп чыктык дегенден алысмын. Бирок биздин фракциянын депутаттары 18 мыйзам долбооруна катышып, авторлош болушту. Шайлоо алдында социалдык маселелерге да көңүл бурууга убада берген элек. Бул — медицинаны жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды өкмөт тарабынан колдоо. Кыргызстанда 2022-жылы кайгылуу окуялар көп болду. Алардын бири —Баткендеги окуя. Ошондуктан коргонуу жаатында министрлер кабинети да жакшы иштерди жасап жатат.
Банктан насыя алып үйүнөн айрылган жарандар өтө көп. Ошондуктан бул тармакта толук өзгөртүү киргизүүнү колго алып жатабыз. Эл аралык деңгээлдеги эксперттер, банкир, юристтер менен бирге быйыл иштин аягына чыгабыз.
— Аталган мыйзам долбоорлору өтүп калса кандай өзгөрүү болот?
— VI чакырылышта да адамдын жалгыз мүлкүн банктарга алдырбоо маселеси козголгон. Үйүн күрөөгө коюп насыя алууга тыюу салуу керек. Албетте, банктардан насыя албагыла деп айта албайбыз. Болгону «кардарларды мыйзам жагынан кантип коргой алабыз» деген суроо боюнча иштеп жатабыз. Ашыкча үстөк пайыздар коюлган учурлар бар. Аны төлөй албай калган эл мүлкүнөн, үйүнөн айрылып калууда.
— Өлкөнү транзит катары колдонуу же географиялык абалды туура пайдалануу тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып келген, бирок практика жүзүндө эч нерсе жасала элек. Сиздер да муну программага киргиздиңиздер эле.
— 30 жыл ичинде өлкөнү транзит катары пайдалана билүүгө аракеттер көп эле болгон. Мисалы, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Буга саясий эрк керек болчу. Ошону менен 2022-жылы конкреттүү иштер башталып, атайын топ жогорудагы маселени толук иликтеп чыкты. 2023-жылдын июнуна чейин техникалык-экономикалык негиздеме даяр болсо иш башталат. Макулдашуу бүткөн. Стратегиялык өнөктөштөрүбүз: Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай тарабынан да аталган долбоор мурунтан колдоо таап келген. Акыркы эки жылдын ичинде өнөктөштөрүбүздүн макулдугу менен бир чечимге келип чоң үмүт менен карап отурабыз. Бул темир жол бизге деңизге чыгууга жол ачат. Аба каттамдарын, аэропортторду туура колдонуу менен хаб катары пайдалануу аракеттери бар. Бул боюнча министрлер кабинети иштеп жатат. Биздин авиакомпанияларды кара тизмеден чыгарууга бийлик да аракет кылып, убада берген. Облустарды аэропорт менен камсыздоо тууралуу да тапшырмалар берилген. Караколдогу, Баткендеги аэропорттор туристтик, стратегиялык чоң мааниге ээ.
— «Ишеним» фракциясы инвестиция тартууга, бизнеске кандай карайт, кандай пландары бар? Бул багыттар да сиздердин шайлоо алдындагы убадаларда айтылды эле.
— Азыр президенттик башкаруу болгондуктан парламенттин конституциялык укугу чектелүү. Мамлекет башчысы министрлер кабинетин өзү шайлайт. Шайлоодо жеңип келген фракциялар президент, өкмөт менен иштешип, элге берген убадасын аткарууга аракет кылышы керек. Ошого карата жакында эле Араб Эмирлиги менен фонд ачуу келишимине кол коюлду. Азербайжан, Өзбекстан, Венгрия менен да иштер жасалып жатат. Мунун баары инвестицияны тартуу жана түзүлгөн фонддордун жардамы менен иштешүү болуп саналат. Мурда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду эле иштеп келсе, азыр беш-алтоосу ачылды.
— Медицинада, социалдык маселелерде айтылган убадалардын кайсынысын жыл ичинде аткарууга жетиштиңиздер?
— Бизде трансплантация жаатында уруксат берүүчү мыйзам жок. Ошол себептен көп бейтаптар башка өлкөдөн арга издеп жатышат. Ушул маселе боюнча мыйзам долбоорун карап жатабыз. Ал кабыл алынса орган алмаштыруучу медициналык борбор курулушу керек. Бул көп каражат талап кылганы менен өтө зарыл нерсе. Азыр муктаж жарандарыбыз баасы салыштырмалуу арзаныраак болгондуктан Индияга барып жатышат. Ошол эле банктар боюнча мыйзамды да жазып бүтүрүүнү пландап жатабыз. Ал ишкерлерге да зыян келтирбеши керек.
— Президенттик башкарууга өткөнү парламенттин кулк-мүнөзү да өзгөрдү. Көп нерсени чече албайт. Мындан улам VII чакырылышты кошоматчы катары да сындагандар болууда. Кыргыз парламентинде төрт ирет депутат болгон эл өкүлү катары учурдагы Жогорку Кеңешти кандай баалайсыз?
— Өзүңө-өзүң баа берүү туура эмес. Ошондуктан ар бир чакырылышта эл сындап келген. VI чакырылышты өтө катуу сындашты. Азыр деле айтылып жатат. Ал эми VII чакырылышта 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан келди. Эл чоң үмүт артты. Бир жылда толук баа берүү кыйын. Мындагы шайлоонун өзгөчөлүгү «акчалуулар депутат болуп алды» деп нааразы болгондор жеке бир адамды тандап добуш берүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Депутат мыйзам эле жазбастан парламенттен элдин көйгөйүн да көтөрүп, мыйзам бузууларды көзгө сайып көрсөтүп турушу керек.
— Парламентте гендердик теңчилик маселеси да сакталбай жаткандай…
— Аялдарга мыйзам алкагында толук мүмкүнчүлүк берилген. Кыргызстанда аялзаты эркектерден көп. Аялдар бири-бириңерди колдогула да. Ар бир экинчи талапкер аял киши болсун деген квота берилген, мыйзам менен бекиген. Көп добуш алган эркектер өтпөй, гендердик теңчилик үчүн аялдар өтүп кетти. Бул эркектер үчүн теңсиздик. Аялдардын азыраак келип жатканына менталитет да роль ойноп калат экен.
— Партияны эмнеге «Ишеним» деп атадыңар?
— Акыркы убакта элдин бийликке болгон ишеними жок болуп калган. Биздин иш-аракетибиз бийлик менен элдин ортосундагы ишенимди жандандырып кайтаруу. Аткаруу, сот бийлиги да — бийликтин бутагы. Ушундай команда түзүү аракети болгон.
— Ишке аштыбы?
— Эми буга сиздер, эл баа берет.
— «Ишеним» фракциясынын позициясы кандай?
— Биз аткаруу бийлигинин эл менен болгон мамилесин колдойбуз. Акыркы 30 жылда Кыргызстанда бийлик күч менен алмашып ар кандай окуялар болду. Мыйзамды сыйлап, мыйзам жолу менен бийлик алмаштырууну үйрөнүү керек. Антпесе мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп коюшубуз мүмкүн. Ушундай коркунуч бар. Бийликке түз көз карашты карманган фракция катары таанып билсеңер болот.
— Сиздерге шайлоочулар көбүнесе кандай маселе менен кайрылышат?
— Акыркы убакта өлкөдө социалдык маселелерге аз көңүл бурулуп жаткандыктан биз шайлоочулар менен жолугушканда жетишпеген турмушту, көйгөйлөрүн көп айтышат. Ошону менен катар сот органдарынын адилетсиздигине байланышкан каттар арбын келет.
— Азыркы парламенттин этикасы, сүйлөө маданияты төмөндөп бара жаткан жокпу?
— Парламентке «жаштар келсин» деп жатышат. Бирок парламентке тажрыйбалуулар келиши керек. Кайсы бир тармакта иштеп көргөн, жетекчилик кызматта сыналган адамдар келсе мамлекет үчүн жакшы болот. Эч жерде иштебей эле келип калган адамдардын өзүн алып жүрүүсү, берген суроолору да ошол деңгээлде болот. Мисалы, юристтер, бир тармакты башкаргандар келсе жыйынтык чыгат. Легендарлуу парламентти ушул убакка чейин айтып түгөтө албаганыбыздын себеби ошол учурдун интеллигенциясы, каймактары чогулган эле. Алардын 350сүнүн 50сү гана сүйлөчү, бирок ошол сүйлөгөндөрдүн баары Кыргызстандын кыйындары болгон. Андыктан ушул күнгө чейин «ошолордой боло албадыңар» деген сынды угуп келебиз. Азыр депутат болуп келүүчүлөрдүн курагын 25 жаш деп койдук. Балким алардын жашын дагы көтөрсөк болор. Бул жаңы эле окууну бүткөн мезгили да. Депутат министрге суроо берүүдөн мурда анын ишинин маңызын түшүнүп берсе суроосунун салмагы да башкачараак болот. Айрым учурда эл аралык деңгээлдеги жолугушууда айрым эл өкүлдөрүнүн сөзүн уккандан уялып кетесиң.
— Курултай институту тууралуу оюңуз кандай? Бара-бара парламентти жокко чыгарат деген сөздөр болуп, башында эл өкүлдөрү чочулоо менен кабыл алдыңыздар эле…
— Курултай керек. Башында бийлик аралашпоого аракет кылып эл өкүлдөрү келсин деген аракет болду, бирок мыйзам менен дайындалгандыктан баары бир бийлик шартын түзүп берди. Парламент көп жолду басып өттү. Эгер Курултай институту керек десе, ал мыйзам чыгаруучу эмес, эл өкүлдөрүнүн ролун аткарган өзүнчө палата болушу абзел. Анда мыйзам чыгарууга чыныгы кесипкөй юристтерден турган 35-40 депутатты алып келишибиз керек. Жылына эки жолу чогула турган эл өкүлдөрүнүн жыйынын «курултай» деп атап койсок болот. Буга Конституцияны өзгөртүп берүүбүз керек. Болбосо жылына бир чогула турган эл өкүлдөрү чоң маселелерди көтөрүшү керек. Курултай институтун мыйзам жаатында бекитип, жол-жобосу так көрсөтүлсө чындап көзөмөл пайда болот. Элдин да сөзүн угуу керек. Бул жолу ачуу сөздөр көп айтылды.
— Парламенттин экинчи милдети болгон мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жагын жакшы колго ала албай келесиздер. Бул жагы депутаттардын элге жакшы көрүнүүнү көздөгөн популистигиненби же өздөрү жазган мыйзамды көзөмөлдөй ала турган деңгээлдин жоктугунанбы?
— Мыйзамды көзөмөлдөө жеңил эмес, ал эми кыйкырып сүйлөп коюу оңой. Ошол себептен кээде микрофондон популисттик сөздөрдү сүйлөгөнгө туура келет. Өзгөчө шайлоо жакындаганда күчөйт. Ал эми көзөмөлдөө жагы кыйын иш. Ага тажырыйба, билим, эрк керек. Депутаттык комиссиялар чындап иштегенде көп нерсени казып чыккандай, буга атайын топ менен иштөө зарыл. Бизде мыйзам чыгаруу менен эл өкүлчүлүк жагы жакшы жолго коюлган, ал эми көзөмөлдөө функциясы чынында аксап турат.
— Негизи мыйзамдар бири-бирине карама-каршы же кайталанган учурлар көп. Инвентаризация жасап, көзөмөлдөө керек го…
— Таңгактаган мыйзамдардын чыга беришине бийлик да кызыкдар. Каникулга тараар алдында, депутаттар чарчап турганда керектүү мыйзам долбоорлорун алып келип өткөрүп алуу жеңил. Ал эми комитеттен каралып талданган учурда көп мыйзамдар өтпөй калат. Бийлик өз жоопкерчилигин сезиши керек. Юстиция министрлиги мыйзамдарды инвентаризациялоо жаатында жакшы иштерди алып барып жатат.
— Азыр депутаттар жазган мыйзамдарын санын атап, канча мыйзам долбооруна автор болгонун баса белгилегиси келет. Себеби эмнеде? Бул депутатка статус береби же кандайдыр бир лобби, коррупциялык кыймылдар барбы?
— Ал журналисттердин «канча мыйзам жаздыңыз» деген суроосуна татыктуу жооп берүүгө болгон гана аракет болсо керек. Лобби да болушу мүмкүн. Атайын сырткы күчтөрдүн буйругу менен жазылган мыйзамдар да болуп калышы ыктымал. Андай коркунуч бар. Бирок дайыма эмес. Чоң мыйзам долбоорлору келгенде ошондой коркунучтарды алдын алуу керек. Ошол себептен коррупцияга каршы экспертиза иштейт.
— VII чакырылышты канчалык деңгээлде ачык деп айта алабыз?
— Негизи Кыргызстанда парламенттей ачык бийлик бутагы жок. Бизде баары көрүнүп турат. Кээде мамлекетке атайын сыр камтыган маселелерде гана жыйындар жабык эшик артында өтпөсө, эл өкүлдөрүнүн иши ар дайым эл көзөмөлүндө. Акыркы Баткенге байланыштуу окуяда жабык эшик артында жыйын болду. Калган учурда ачык эле. Мурдагыдай оппозия–позиция деп бөлүнбөсө да парламентте оппозиция бар. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы бир да комитетке кирген эмес.
Булак: Спутник.кж