Белгилуу журналист Төлөгөн Сулайманов Кыргызстанга келген чет элдик инвесторлор, аларга жасалган «мамилелер» тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикирин жазды: 
«Быйыл жарык өчүп Президент Садыр Жапаров менен Минисрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тарифти көтөрүүнү кыштын кыраан чилдесинде айтып чыкты. Тариф боюнча кийинчерээк кайрылалы. Бирок, күн тартибинде кичи ГЭСтерди куруу сунушу байма-бай айтылып келет. Эми ошол кичи ГЭСтерди куруу боюнча Президент Садыр Жапаров күн куру эмес айтса, инвесторлор келип, ГЭС куралы дешсе өкмөт аларды ары бери жетелеп, «сууга алып барып, сугарбай» келүүдө. Мындан бир топ убакыт мурун Президент Садыр Жапаров дүйнөлүк бренди бар эл аралык «77 INSAAT VE TAHUU» компаниясынын президентин, координатор Эрмин Якубовду, «ЕФС Прожект Менеджмент Сервистен» Мушвиг Ахмедовду, Ислам Өнүктүрүү Банкынын Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Самир Тагиевди кабыл алган.
Кыргыз тараптан өкүл болуп азыркы вице премьер министр Адылбек Касымалиев кирип сөз Нарын Жогорку Каскадын ишке киргизүү болгон. Президент Садыр Жапаров ошол жерден эле инвесторлорго «Нарын Жогорку Каскадынын курулуш иштерин уланкыла, РусГидрого карыз 37 миллион долларды «Кумтор» төлөйт» — деп, буйрук берет. Инвесторлор Нарынга барышат. Азыркы эмес, мурдагы губернатор сүйүнүп тосуп алып, ишти жеринде эки күн тааныштырат. Бишкекке келишсе ошол кездеги Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Бул Нарын Жогорку Каскадын курууга азыр болбойт, башкалар курат» деп, инвесторлордун оозун аппак кылат.
Кыргыз чиновниктеринин айныкейин анчалык байкай элек инвесторлор кичи ГЭС курууга кайра жер издеп, Кочкордогу Орто Токой суу сактагычына барышат. Жерди, сууну көрүп ал жерге кичи ГЭС куруу планы менен келишип, кагаздарын кайрадан өкмөттүн чиновниктеринин алдына жая баштаса, ортодон баягы эле экс министр Доскул Бекмурзаев чыга калып, «Ал жерге да ГЭС сала албайсынар, Орто Токойго Теңгиз Бөлтүрүк ГЭС салат»-деп, азыр камакта жаткан Бөлтүрүктү бетке кармап, жана бир жолу чапанын күбүйт. «Кыргызстандын президенти өз оозу менен инвесторлорду чакырып, кичи ГЭСтерди кургула деп жатса, президент башы менен инвестор издеп жүрсө, булардын кылганы эмнеси»-дешип, дагы бир кичи ГЭС курганга ылайыктуу Жалал Абад областынын Кара-Көл шаарына жакын «Кара-Көл» кичи ГЭСин курууга белсенишет. Анда да Доскул Бекмурзаев «Аны эми өзүм курганы жатам» мааниси менен кетирип жиберет. Ортодо инвесторлор кимге ишенээрин билбей, баштары маң.
Көрсө, «иттин өлүгү башка жакта» экен.
Биздин чиновниктер президент менен түз иштешкен инвестор эмес, ар кимисинин «жеке инвестору» бар сымал… Ош-Исфана жолун курууда ызы чуу коштолуп, сот процесси аралашкан жергиликтүү «Жагалмай» деген фирма ГЭС курууга кызыкчылыгын билдирет. «Жагалмай» жол курууда ызы чуусу бар экени аз келгенсип, анын ГЭС куруу боюнча иш тажырыйбасы жок болуп чыгат. Ал эми Кара Көл кичи ГЭСин курууга кызыктар Япониялык «Muroo Systems Co» компаниясы менен өкмөттүн дагы бир вице премьери, мен сыйлаган Бакыт Эргешович Төрөбев түз келишим түзүүгө тиешелүү министрликке №0/9173. 13.02.2023. менен кат жөнөтөт. Сөздүн ачыгын айтканда «Жагалмай» да, жапандык «Мурасистом» да банктан кредит алып, кичи ГЭСтерди куралы деп белсенип жатышат.
Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн эл аралык «77 insaat» компаниясы өз каражатына ГЭС куруп берели деп, биздин чиновниктердин эшигин жыртып жатышат. Бул компаниянын банкта депозити, Мугаи банкынын кепилдиги бар экенин эч ким капарына да алган жок. Минтип отурсак эл аралык инвесторлор арасында кадырыбыз калбай, инвеститциялык имджибиз түшөөрүн биздин билермандар билбей жатат окшойт…» — деп жазган Сулайманов.