Президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Лейлек районунун Мурас айылында 100 гектар жерге бадам көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, төраганын орун басары Гүлнара Исаева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка сыйлуу коноктор, жергиликтүү эл катышты.

Облус башчысы Баткен облусунун аймагындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иш аракеттери өлкө башчынын алыскы айылдардын калкынын миграцияга болгон агымына бөгөт коюу максатында жүзөгө ашырылып жатканын билдирди. Ошондой эле бул ири долбоор чек ара айылдарынын социалдык экономикалык абалын жакшыртууга да багытталганын кошумчалап, иш чаранын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Улуттук өнөктүккө арналган иш-чара концерттик программа жана Лейлек килеминин көргөзмөсү менен жыйынтыкталды.