Кечээ, 13-март күнү ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн саптык кароо болуп өттү. Анда кызматкерлердин жазгы-жайкы кийимге өтүүсүнө байланыштуу Күзөт кызматынын жетекчилиги бардык кызматкерлердин сырткы келбетин алып жүрүү жана алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, ошондой эле кызматтык күбөлүктөрүн жана наамынын маалыматтары менен шайкештигин, чөнтөк шаймандары менен жетондорун текшерди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамга Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча аныкталган 7 приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берип, анын кынтыксыз аткарылышын тапшырды. Бул багыттарда элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүү, кылмышты алдын алуу үчүн санарип ыкмаларды колдонуу, жардам сурап кайрылган жарандарга жана милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү, милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоолору боюнча чараларды көрүү камтылгандыктан, аны талаптагыдай аткарууга ар бир кызматкер жетекчилиги менен милдеттүү экендиги эскертилди.
Иш-чаранын аягында ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы саптык жүрүштөн өтүштү.
Белгилей кетсек, ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча аныкталган 7 приоритеттүү багыттары боюнча жыйындар Күзөт кызматынын ар бир бөлүктөрүндө өткөрүлүүдө.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы