Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги ресторандардын бириндеги мушташ боюнча үн катты.

Абиров учурда укук коргоо органдары менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазат.

“Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм. Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын”, — деп жазат эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.
Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго берилген. Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки адам кармалды.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.