Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 млрд сомго КР Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн, ал эми бул банктын иши ачык эле рентабелдүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, иш боюнча алынган далилдердин негизинде КР Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н. жана Т.А., ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А. жана С.Н. аттуу жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.