Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14…+19, Талас жергесинде +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10…+15, ал эми Нарында +7…+12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте жана Ош калаасында +17…+19 градус болот.