2023-жылдын 14-март күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Авиценна Эл аралык медициналык университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.
 
Лекциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге өлкөдө жүрүү эрежелерин, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдарды бузгандыгы же укук бузуулары үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертип, кенен түшүндүрүп беришти.
Заманбап Кыргызстан меймандос жана толеранттуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бирок, ошол эле учурда, коомго каршы көз караштагы ар кандай кылмыштарды жасаган адамдар дагы жок эмес. Чет өлкөлүк жарандарга каршы кылмыштардын көбү түн ичинде жасалганы белгиленет. Көптөгөн чет өлкөлүктөр жарандар кечинде шаарды кыдырууну артык көрүшөт. Ошол себептен, милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөө керектигин айта кетишти.
Лекция убагында активдүү талкуулар жүрүп, анда студенттер бардык кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.
Жыйынтыгында, ИИМдин КИББнын кызматкерлери студенттердин окууларына ийгилик каалап, ар ким өзү тандаган кесиптин адиси болушуна тилектештигин билдиришти.
ИИМдин Басма сөз кызматы