Бейшембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын аймактарынын кээ бир жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл жергесинде +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, ал эми Нарында +3…+8 градус жылыйт.
Бул күнү Бишкекте күндүз, Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +8…+10, Ошто +16…+18 градуска көтөрүлөт.