Кыргызстандын аймактарындагы калктын басымдуу бөлүгү кыргыз тилиндеги тейлөөгө муктаж. 

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” жаңы конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого даярдап жатат. Буга байланыштуу айрым орусиялык маалымат каражаттарында макала чыгып, алардын авторлору республикада орус тили чектелип, басмырланып жатканын айтышкан. Бирок, эч кандай мыйзам бузуу жок, мыйзамдык-укуктук база учур талап кылган турмуш чындыгына гана шайкеш келтирилген, дейт – “Элчи” коомдук-саясий изилдөө борборунун жетекчиси, саясат таануучу Денис Бердаков.

Анын айтымында, россиялык басылмалардагы ушуга окшош макалалар кандайдыр бир жактуу көз карашты чагылдырган.

«Бул жерде жөн гана кырдаалды түшүнүү туура болот. Биринчиден, өлкөдө чындап эле мамлекеттик иш-чараларда жана мамлекеттик органдарда иштөөдө кыргыз тили милдеттүү болгон норма катары киргизилип жатат. Бирок көптөн бери мамлекеттик тил баардык мамлекеттик иш-чараларда, мектептерде жана билим берүү мекемелеринде милдеттүү болуп келген», – деп эскерет эксперт.

Ошол эле учурда, ал баса белгилегендей, орус тили Кыргызстандагы жүздөгөн орус тилдүү окуу жайларын, жогорку окуу чөйрөсүндө колдонула берет,чектелбейт. Ал республиканын ири шаарларында кызмат көрсөтүү, соода жана улуттар аралык байланыш тили бойдон калат. Башкы Мыйзамда – орус тилинин расмий тил статусу сакталган.

«Көпчүлүк эмне үчүн бул мыйзамды кабыл алып жатат деп суроо бериши мүмкүн. Айрымдар бул кандайдыр бир укук бузууну камтыйт деп эсептешет. Жок, бул мыйзам долбоору болгон реалдуулуктун негизинде кабыл алынган. Ал эми чынында 30 жылдын ичинде Кыргызстандын калкынын саны абдан көбөйдү – 4 миллиондон 7 миллионго чейин. Ошондой эле өлкөнүн жарандарынын 70%дан ашыгы кыргыздар, алардын көбү кыргызча сүйлөшөт, бирок ошол эле учурда алар орус тилин да билишет, – деди Денис Бердаков.

Ошентип, ал белгилегендей, бул документ мыйзамдарды реалдуулукка шайкеш келтирүүдө.

«Чындыгында, Россияда бул жасалат. Мисалы, бир катар министрлер, чиновниктер орусча кат алышса, аймактардан келген депутаттар түшүнө бербейт, аталган мыйзам ушундай жагдайлар болбошун шарттайт. Иш жүзүндө Кыргызстанда иш кагаздарын жүргүзүүнүн абдан чоң бөлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдарга кайрылуулар менен келишет, аймактарда калктын жалпы көпчүлүгү кыргыз тилиндеги тейлөөгө муктаж. Дагы бир жолу белгилеп кетем, орус тилинин расмий статусун эч ким алып салбайт», – деп кошумчалады саясат таануучу.

Бердаков, тескерисинче, республикада орус тилин өнүктүрүүгө багытталган түрдүү программалар көбөйүп, мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып жатканын билдирди. Мисалы, «Газпром» мектеби, Россия тарабынан Кыргызстандын бардык аймагында орус тилинде окуткан тогуз окуу жайдын курулушу ж.б.

Булак: ВБ сайты