Бүгүн, 18-мартта Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты.
Ишембиликтин катышуучулары борбор калаабыздагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти.
Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин кошумчалады.
«Бабаларыбыз жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган. «Бир тал кессең – он тал эк» деп, эч убакта табиятка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын жолун улап, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз», — деди Нурланбек Шакиев.
Ошондой эле кыргызстандыктарды уюштурулган ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган Төрага: «Жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. Анткени, “Жаздын бир күнү — жылга тете» — дегендей, үзүрүн сөзсүз көрөбүз. Айрыкча, бүгүн тигилип жаткан көчөттөр, кийин түптүү бак-дарактарга айланып, алар келечек муундарга калтырган баалуу мурасыбыз болот», — деп кошумчалады.