КР УКМК мамлекеттик бажы кызматынын кээ бир кызмат адамдары тарабынан жеке компаниялар менен сүйлөшүп алып, текшерүү функцияларына жана ыйгарым укуктарына таянып, мыйзамсыз материалдык жана башка пайда көрүү максатында, жашыруун транзиттик жолу менен Кытай Эл Республикасынан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган коррупциялык схеманын бетин ачты.
Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстан Республикасына транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстан Республикасына кирип турган.
Бул кылмыш иши боюнча үстүбүздөгү жылдын 16-17-мартында Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, кармалган мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.
Бул факты боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенджерлеринде “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен КР УКМКнын тиреши тууралуу” делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери КР УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.