Эртең, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз көрсөтүлөт. Түз эфир саат 10:00дө башталат.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата атайын майрамдык программа даярдады. Расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү. Маалымат менен кененирээк мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.