Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн Нооруз майрамына катышты.
Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды.
Андан кийин Мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин атты.
Ал Кыргызстандын акыркы эки жылда тилектештиктин жана бирдиктүү аракеттин аркасы менен жетишкен соңку социалдык-экономикалык жетишкендиктерине токтолду.
Садыр Жапаров улустун улуу күнүндө жалпы кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин айтты.
Ошондой эле Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтына орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып, республиканын жети дубанынан келген ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, майрамдык сүмөлөктөн ооз тийди.
Иш-чара концерттик программа менен уланды.