2023-жылдын 16-мартында Эмгек министрлиги 13 коомдук пайдалуу долбоорго сынак жарыялаган. Каржылоонун жалпы суммасы 48 млн сомдон ашык.

Такталгандай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана балдардын, ошондой эле кары-картаңдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн 5 млн сом бөлүүнү көздөшүүдө.

Алар юридикалык, эмгек жана экономикалык укуктарын коргоо менен үй-бүлөлүк чөйрөнү камсыз кылуу, кары-картаңдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды багуу үчүн 5 млн  сом бөлүүнү көздөшүүдө.

Социалдык ишкердикти өнүктүрүүнүн эсебинен инвалиддердин жана карылардын эмгектик жана коомдук активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бизнестин негиздерин окутууга 12 млн сомго чейин каражат бөлүнөт.

Программанын алкагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, анын ичинде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча долбоорлорго дагы 26 млн сомго жакын каражат каралган.