Талас жергесинде 9 күн айтылган “Манас” эпосу толугу менен Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы (УИА) тарабынан жазылып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан чогулган 30дан ашуун манасчы 13-марттан 21-мартка чейинки аралыкта күнү-түнү манас айтышкан. Иш-чара Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан Айкөл Манастын айкелинин орнотулушуна карата уюштурулган.

«Манасты жазып алуу демилгеси окумуштуулар тарабынан көтөрүлүп, “Манас” эпосун илимий жактан изилдөөгө негизделүүдө. Алдын ала маалыматтарга ылайык, анда манасчыларга портреттик мүнөздөмө, текстологиялык анализдер, ошондой эле манасчылар тууралуу атайын басмаларды чыгаруу айтылууда», — деп айтылат билдирүүдө.