Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык 22-мартта таңкы саат 05:00дө орун алган. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралык калган.

Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.